Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

2017-жылдын 6ай ичинде болуп өткөн өрттөр боюнча маалымат

07.07.2017

2017-жылдын 6ай ичинде болуп өткөн өрттөр боюнча маалымат

2017-жылдын алты ай ичинде республика боюнча 1327 өрт кырсыгы катталып (2016-ж. 1487) өткөн жылга салыштырмалуу өрттөр -10.8% азайган. Өрттөн болгон материалдык чыгымдар 240 миллион  сомдон ашык түздү (2016-жылы 522 млн. сомдон ашык), өрттөн 37 адам каза таап, анын ичинде – 1 жаш бала  (2016-жылы 46 адам), өрттөн 17 адам жабыркаган, анын ичинде – 2 жаш бала (2016-жылы 41 адам анын ичинде – 3 жаш бала).

       Өрттөн 45 адамдын өмүрү (2016-ж. 102 адамдын өмүрү) жана 590 млн. сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган (2016-ж 2,5 млрд.сом).

              Өрттөрдүн негизги себептери: электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан -35.9%, отко этиятсыздык менен мамиле кылуу -30.7%, мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда -12.5%, балдардын от менен ойноосунан -7.2%, өрт кырсыгы болду. Өрттүн жалпы санынан 62.8% турак жай секторунда болгон.

        Болуп өткөн өрттүн басымдуу бөлүгү Чүй облусунда (315) жана 16 адам каза болгон, Бишкек ш. (261) жана 6 адам каза болгон, Ош облусунда (150), Жалал-Абад областында (162) жана 8 адам каза болгон, Ысык-Көл областында (155) 3 адам каза болгон.

        Өрттөрдүн көпчүлүгү турак жай секторунда болуп (834) жана 45,9 млн. сомдук материалдык чыгымды түзгөн, ал эми өрттөн 32 адам каза тапкан. Жайкы өрт кооптуу мезгилинде 2017-ж. 6-ай ичинде  ачык аянттарда 143 өрт кырсыктары катталды, алардан материалдык чыгымдар 865 миң  сомдон ашык түздү.

        2017-жылдын  6 айында республиканын  өрттүн алдын алуу органы тарабынан өрттүн алдын алуу жана адамдардын өлүмүн болтурбоо максатында өрткө каршы бир катар үгүт иштери аткарылды, массалык маалымат каражаттарында 624 макала жарыкка чыгып, 437 теле жана 3252 радио берүүлөр уюштурулган.  20 820 жолу 282 359 адамды камтыган өрткө каршы нускоолор, лекциялар, сүйлөшүүлөр мамлекеттик объекттердин кызматкерлери, жеке ишкерлер жана эл көп топтолгон жайларда (айылдык жана кварталдык) өткөрүлгөн. Чарба жүргүзүүчү объекттердин өрткө каршы абалы жөнүндө бийлик органдарына жана кызыкдар ведомстволорго 1085 маалымат жөнөтүлгөн.

Жайкы өрткө кооптуу мезгилде өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарыл:

-         бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;

-         күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчада сактабагыла;

-         балдарды кароосуз калтырбагыла;

-         күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;

-         электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула.

-         тамекинин калдыктарын жана ширеңкелерди таштабагыла;

-          аянттагы тазаланган жердин катмарына гана от жаккыла;

-         өрткө кооптуу учурда от жакпагыла жана калдыктарды өрттөбөгүлө;

-          кетип бара жатып отту суу менен өчүргүлө жана очоктогу оттун күлүн топурак менен аягына чейин көмүп койгула;

-         токойго бензин сиңип калган жана май болгон материалдарды калтырбагыла;

-         айнектин сыныктарын жана ботолколорду калтырбагыла, күндүн нурлары менен чагылышып өрттүн булагы болушу мүмкүн, жаны чыккан өрттү суу менен өчүргүлө жана үстүнөн ийне жалбырактуу дарактардын бутактарын  жана топуракты таштагыла.

Өрт коопсуздугунун көрсөтүлгөн пункттарын сактагыла, муну менен Сиз өзүнүздүн турак-жайынызды, мүлкүнүздү сактоо менен өрт учурунда адамдардын жаракат алуусунун жана каза болуусунун алдын аласыз.

КР ӨКМдин Басма сөз кызматы

Бардык жаңылыктар

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Июль 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            

Баннерлер

  • Центр Общественных Технологий
  • Баннер Минюст
  • В рамках Программы Правительства
  • Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия
  • КР Маданият, маалымат жана туризм министирлиги алдындагы Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын расмий туристтик маалымат сайты

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы