Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

28.06.2017

2017-жылдын 28-июну саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалыматы

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба ырайы күтүлөт!

2017-жылдын 28-29-июнуна чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. 

Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМи тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.

 

Ош облусу

Араван  районунун  Керме-Тоо айыл аймагында  2017-жылдын 27-июнунда түндө саат 02:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен Чөгөм айылына баруучу Культцентр-Чөгөм-Загара унаа жолунун 10-17-чакырым аралыктарында 8 жерден сел агындылары агып түшүп, унаа жол тосулган. Аталган унаа жол №21 жол тейлөө ишканасынын карамагында.

Жолду тазалоого №21 жол тейлөө ишканасы тарабынан 1 жүктөгүч жөнөтүлүп, жол алыс  болгондугуна байланыштуу түндө саат 23:50 чамасында жетип, тазалоо иштери башталган.

Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл аймагында  2017-жылдын 27-июнунда Сары-Булак айылында тоо этектерде майда жаракалар пайда болгон.

Тоодогу  пайда болгон жаракаларды жеринде изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин райондук бөлүмүнүн башчысы, КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адиси, райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тартылган.

Иликтөө ишинин натыйжасында тоодогу  жаракалар 2 турак үйгө кооптуу абал жараткандыгы аныкталып, турак үйдүн  жашоочулары туугандарынын үйүнө көчүрүлгөн.

Андан сырткары, айылдын жогору жагында да кошумча жаракалар пайда болгондугу байкалган.

Жалал-Абад облусу

Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагында  алдын ала алынган маалымат боюнча 2017-жылдын 28-июнунда саат 05:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен, Кызыл-Октябрь айылында колоттон агып келген сел суулары 8 турак үйдүн короолорун каптаган.

1-Май айылында Шайдан сугат каналынан сел суулары ашып, 17 турак үйдүн, Аук айылында 7 турак үйдүн короолоруна кирген. Сугат каналы райондук суу чарба башкармалыгынын карамагында турат.

Сел сууларынын келтирген кесепети аймактын Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан жеринде такталууда.

Ал эми жергиликтүү тургундар тарабынан турак үйлөрдүн короолорун сел калдыктарынан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Талдуу-Булак айыл аймагында 2017-жылдын 28-июнунда саат 05:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен, Кекилик участкасында Базар-Коргон-Арсланбап унаа жолунун 32-чакырымында унаа жолдун 2 жерине сел калдыктары агып түшүп, унаа жол тосулган. 

Жолду тазалоого  №50 жол тейлөө ишканасынан  1 автогрейдер, 1 жүктөгүч тартылган.

Талас облусу

Кара-Буура районунуун Аманбаев айыл аймагында  2017-жылдын 27-июнь күнү саат 16:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел агындылары Бабанов көчөсүндөгү 5 турак жайдын короо-жайларын каптаган.              

Селдин кесепетин жоюу үчүн Райондук Жарандык коргонуу комиссиясы,  Аманбаев айыл аймагынын ыктыярдуу куткаруучулар тобунан 10 адам тартылган.

2017-жылдын 27-июнь күнү Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүргүзүп, Ыктыярдуу куткаруучулар тобу тарабынан короо-жайлар тазаланган. Айыл аймактан 20 кап бөлүнүп, ички чарбалык арыктардын жээктерин бекемдөө иштерин жүргүзүшкөн, жумуш толугу менен аяктады.

 

КР ӨКМнин Өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде Жарандык коргонуунун Өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча Республиканын аймагында 6 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 8 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

 

2017-жылдын 27-июну саат 08:30дан

2017-жылдын 28-июну саат 08:30га чейин

өрт өчүрүү, куткаруу бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар №

п\п

Бөлүм №

 

Өрттүн №

.

 

                           Убакыт

Билдирүү жолу

Жолу

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн  себеби

берил-ген

ствол

ГТКК

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1

           2

3

  4

 5

  6

  7

  8

  9

10

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бишкек  шаары

 

1

5-АӨКБ

1 бөлүм

1

12-53

13-03

13-12

13-19

13-24

101

Биринчи Май району, Логвиненко көчөсүндөгү 8-үйдүн үйдүн жанында, таштанды таштоочу челекте 2 чарчы метр таштанды, тегерегиндеги 4 чарчы метр  куураган чөп күйгөн. Себеби: тамеки тартуудагы этиятсыздык.

1ствБ

2

3-АӨКБ

1 бөлүм

1

19-39

16-41

16-43

16-48

17-02

101

Свердлов району, Айтматов   көчөсү, Аламүдүн   суусунун  жээгинде  30 чарчы метр аянтта    куураган  чөп  күйгөн.  Себеби:  тамеки  тартуудагы  этиятсыздык.

Кол  кар

3

3-АӨКБ

1 бөлүм

1

19-34

19-36

19-37

19-39

20-02

101

Свердлов району, Чүй проспектиси менен Осмонкул көчөсүнүн кесилишинде №5 троллейбустун токтотуучу колодкалары күйгөн. Себеби: өзүнөн өзү күйүү. Жаракат алгандар жок.

1ствБ

4

6-АӨКБ

1 бөлүм

1

23-07

23-18

 

Жет-кенге  чейин

00-00

101

Ленин району, Адышев  көчөсү, №97 үйүнүн 1-батиринин ичинде  жуунучу  бөлмөдө  аристон  жана  0,5 чарчы метр гиписокартон  күйгөн.  Себеби: электр  жабдууларын  куроодо  эреженин бузулуусу.

------

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Чүй облусу

 

5

23-АӨКБ

1 бөлүм

1

03-45

04-30

 

 

 

101

Сокулук району, Жыламыш айылы, Байтору көчөсүндө ачык аянтта 5000 түк чөп күйүп жатат. Себеби: такталууда.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жалал-Абад облусу

 

6

20-АӨКБ

1 бөлүм

 

1 бөлүм

 

1 бөлүм

1

 

03-11

 

03-21

 

03-31

 

03-17

 

03-25

 

03-40

 

03-36

 

06-02

 

06-19

05-43

05-56

 101

Сузак району, Сузак айылы, Пригородный тилкеси,  420 чарчы метрдеги турак үй  толугу менен күйгөн. Себеби: тиричилик шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулуусу.

 

3ств.Б

2017-жылдын 28-июну саат 08:00гө карата Республиканын аймагындагы  КР ӨКМнин Куткаруу кызматы боюнча күндөлүк ыкчам маалымат

Куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу болду:

 

Бишкек шаары

Октябрь районунда 2017-жылдын 27-июнунда саат 15:35те  КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Кошево көчөсүндө 4-үйдүн жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Ленин районунда 2017-жылдын 28-июнунда саат 00:52де КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Ахумбаев көчөсүдөгү №186 үйүнүн 12-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 

Ош шаары

Жапалак айылынында 2017-жылдын 27-июнь күнү Араван каналына 1 аял  агып кеткен.  КР ӨКМ Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары менен туугандары биргеликте издөө иштерин жүргүзүшүп, туугандары тарабынан аялдын  сөөгү табылган.

2017-жылдын 27-июнь күнү саат 17:32 чамасында Ак-Буура дарыясына 2011-жылы туулган кыз агып кеткен. Издөө иштерине КР ӨКМнин Ош шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылган. Издөө иштери уланууда.

 

Жалал-Абад облусу

Жалал-Абад шаарында КР ӨКМ №58 өрт-куткаруу бөлүмүнун куткаруучулары Курбанбек көчөсүндөгү №15 үйүнүн 5-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

2017-жылдын 28-июнь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат

Көпчүлүк аймактарда жаан жаап,  күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Ноябрь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30      

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы