Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

27.06.2017

2017-жылдын 27-июну саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалыматы

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба ырайы күтүлөт!

 2017-жылдын 27-29-июнуна чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМи тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.

 

Чүй облусу

КР ӨКМне караштуу Гидрометеорология боюнча агенттиги берген маалыматына ылайык Жайыл районунда 2017-жылдын 27-июнунда саат 02:25-03:10 аралыгында райондун аймагында ылдамдыгы секундасына 28 метрге чейин жеткен катуу шамал катталган.

Алдын ала алынган маалымат боюнча кыйроолор жок.

 

Ош облусу

 Кара-Суу районунда 2017-жылдын 27-июнь күнү түнү жааган жамгырдын кесепетинен Жаңы-Арык-Кызылсуу унаа жолунун болжол менен 15-чакырымында (Беш-Абышка учаскасы) сел агындылары түшүп,  унаа жолду тосуп калган.

Жол №45 ЖТИнин балансында.

Тазалоо иштерине  №45 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылып, 2017-жылдын 27-июну күнү саат 05:30да жол толугу менен тазаланып ачылган.

 

Сейсмологиялык абал боюнча

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык 2017-жылдын 26-июнунда саат 06:39да Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөөнүн очогу Ош облусунун Алай районунун аймагында орун алган.

Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө, Нура айылдарында  4 балл, Кара-Киндик айылында 3,5 балл, Сары-Таш айылында 3,5 балл сезилген. Алдын ала алынган маалымат боюнча кыйроолор жок.

 

КР ӨКМнин Өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде Жарандык коргонуунун Өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча Республиканын аймагында 12 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 13 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

 

2017-жылдын 26-июну саат 08:30дан

2017-жылдын 27-июну саат 08:30га чейин

өрт өчүрүү, куткаруу бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар №

п\п

Бөлүм №

 

Өрттүн №

.

 

                           Убакыт

 

Дареги, маалыматы, өрттүн  себеби

 

ств. ГТКК

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрү

саат/м

келүү

саат/м

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бишкек шаары

 

1

6-АӨКБ

1 б

1

12-48

13-10

13-20

13-42

14-32

101

Ала-Тоо-3 конушу,  талаада 1 га куураган чөп күйгөн. Себеби: такталууда.

1ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Чүй облусу

 

2

22-АӨКБ

1 б

1

15-09

15-23

15-28

15-35

16-02

101

Жайыл району, Петропавловка айылы, талаада 100 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Себеби: такталууда.

1ств Б

3

 

24-АӨКБ

1

16-15

16-17

16-20

16-30

16-35

101

Токмок шаары, 1-кичи району менен 3-кичи райондорунун ортосунда 0,5 га куураган чөп күйгөн. Себеби: такталууда.

1ств Б

4

21-АӨКБ

1

02-29

02-38

02-46

03-15

03-30

101

Токмок шаары, Сахзавод айылы, Калинин көчөсү №15, короодо 0,5 куб отун күйгөн. Себеби: такталууда.

1ств Б

5

23-АӨКБ

1

06-18

06-39

06-45

06-50

07-01

101

Сокулук району, Сокулук айылы, Садовая көчөсу 54-үйдүн жанында электр карагайы күйгөн. Себеби: такталууда.

1ств Б

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ош  шаары

 

6

12-АӨКБ

1

07-53

08-05

 

08-11

08-38

101

Көкүм-Бий көчөсү, №94 үйдүн 13-батиринде, ээси Э.Муратова,  плитада кароосуз калган тамак-аш түтөгөн.

  ----

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жалал-Абад облусу

 

7

73-ӨКБ

1 б

1

11-55

12-00

12-10

13-00

13-10

101

Ала-Бука району, Ала-Бука айыл аймагы,  Ала-Бука айылы, Балтагулов  көчөсү № жок, ээси А.Хакимов, жыгач устундуу шифер жабылган 24 чарчы метр ашкананын чатыры,  14 даана төшөк, 6 даана жаздык, 1 даана муздаткыч, 1 ашкана эмереги, 2 даана сандык,  диван,  кир жуугуч машина күйгөн. Себеби: электр жабдуларын куроодо эреженин бузулушу.

1ствБ

8

20-АӨКБ

1 б

1

14-45

14-50

14-52

15-05

15-15

101

Жалал-Абад шаары, Курортная көчөсү, жолдун жээгинде 0,10 га куураган чөп күйгөн. Себеби: такталууда.

1ств Б

9

78-ӨКБ

1 б

1

20-55

21-16

21-20

21-44

22-05

101

Базар–Коргон району, Кеңеш айыл аймагы, 1-Май айылы,  Кош-Коро тилкесинде,  талаада ачык аянтта 2,5 га куураган чөп күйгөн. Себеби: такталууда.

1ствБ,кол караж

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Талас  облусу

 

10

91-ӨКБ 1 б

1

19-58

20-00

20-02

20-05

20-20

101

Кара-Буура району, Кызыл-Адыр айылы, Талас - Тараз  жолунда, 10 чарчы метр куураган чөп. Себеби: такталууда.

 Кол. караж

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ош  облусу

 

11

25-АӨКБ

2 б

1

20-35

20-49

20-47

20-56

20-57

22-10

22-55

22-46

101

Кара-Суу району, Савай айыл аймагы, Кыдырша айылы, ээси А.Ахмадалиев, жыгач устундуу шифер жабылган 90 чарчы метр турак үйдүн чатыры,  90 чарчы метр (ДВП) шыбы, 90 чарчы метр жыгач полу, үй эмереги, 2 даана муздаткыч, 15 жаздык, 40 төшөк күйгөн. Себеби: такталууда.

2ствБ

12

88-ӨКБ

1 б

1

21-22

21-30

21-34

22-09

22-36

101

Чоң-Алай району, Чоң-Алай айыл аймагы, Доораткоргон айылы, ээси  А.Акимов, ашканада 12 чарчы метр жыгач шыбы күйгөн. Себеби: мештер менен морлордун туура эмес түзүлүшү.

1ствБ

2017-жылдын 27-июну саат 08:00гө карата Республиканын аймагындагы  КР ӨКМнин Куткаруу кызматы боюнча күндөлүк ыкчам маалымат

Куткаруу кызматтары тарабынан 7 чыгуу болду:

 

Бишкек шаары

Октябрь районунда 2017-жылдын 26-июндан саат 21:15те КР ӨКМнин  Бишкек шаары Куткаруу кызматынын куткаруучулары 6-кичи районундагы №17 үйдүн 18-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 

Ош шаары

Кулатов кичи районунда 2017-жылдын 22-июндан бери дайынсыз жоголгон 1961-жылы туулган К.Ж.А. аттуу эркек адамды милиция кызматкерлеринин өтүнүчү менен “Кайырма” каналында КР ӨКМнин Ош шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары 2017-жылдын 25-июндан баштап издөө иштерини жүргүзүшүп, 26-июнь күнү маркумдун жансыз денесин табышып, туугандарына өткөрүп беришкен.

 

Манас-Ата кичи районунда 2017-жылдын 26-июндан саат 20:06да КР ӨКМнин Ош шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Куткаруучулар Салиева көчөсүндөгү №62 үйүнүн 11-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 

Чүй облусу

Кемин районунун Көк-Ойрок айыл аймагындагы Каинды айылында 2017-жылдын 26-июну күнү болжол менен саат 14:00до 2005-жылы туулган А уулу Н. (Шайлообеков көчөсү 32-үйдүн тургуну) сууга чөгүп кеткен. КР ӨКМнин №5 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жеткенге чейин баланын туугандары жансыз денесин чыгарып алышкан.

Токмок шаарында КР ӨКМнин №21 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Кирпичный көчөсүндөгү №30 үйүнүн 29-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 

Баткен облусу

Баткенде шахтада тосмо орнотуп жатып бир куткаруучу каза болду

Баткен районунун Самаркандек айыл аймагында 2017-жылдын 26-июну күнү саат 12:00до КР ӨКМнин РӨКОнын 1-өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары "Эркин кен" ЖЧКнун шахтасына тосмо орнотууга чыгышып, куткаруучулардын бири 1987-жылы туулган С.А.К. (Лейлек районунун Исфана шаарынын тургуну) газга ууланып каза болгон. Баткен облустук оорукананын өлүкканага (морг) жеткирилген. Экинчи куткаруучу 1997-жылы туулган К.Р.К. (Лейлек районунун Исфана шаарынын тургуну) газга ууланып, облустук ооруканага жеткирилген, абалы орто.

Буга чейин 2017-жылдын 5-июнунда ушул эле шахтада өрт чыгып, куткаруучулар өрттү өчүрүүп, тосмо орнотуп беришкен.

 

Жалал-Абад облусу

Токтогул районунда 2017-жылдын 27-июну күнү саат 02:00 чамасында Бишкек–Ош жолунун 210-чакырымында “Мерседес” үлгусүндөгү жүк ташуучу унаа мамлекеттик 06KG380ААН көпүрөдөн сууга түшүп кеткен. Автоунаанын ичинде айдоочу жана 2 жүргүнчү болгон. Экинчи жүргүнчү 1986-жылы туулан Н.М. унаага оң колу жана оң буту кыпчылып сынган. КР ӨКМнин №97 өрт-куткаруу бөлүмүнүн ууткаруучулары жаракат алган адамды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматына  өткөрүп беришкен.

 

2017-жылдын 27-июнь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат

Көпчүлүк аймактарда жаан катуу жаайт, бийик тоолордо кар жаашы, айрым жерлерде катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Сентябрь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  

Баннерлер

  • Центр Общественных Технологий
  • Баннер Минюст
  • В рамках Программы Правительства
  • Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия
  • КР Маданият, маалымат жана туризм министирлиги алдындагы Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын расмий туристтик маалымат сайты

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы