Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

22.06.2017

2017-жылдын 22-июну саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалыматы

Шашылыш билдирүү!!!

2017-жылдын 21-25-июнунда абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээлинин көтөрүлүшү күтүлөт, суу жээктерин жууп кетүү жана дарыялардын нугуна жакын аймактарындагы жайылма тилкелерди суу каптоосу ыктымал. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. 

2017-жылдын 23-25-июндарында туруксуз аба ырайы күтүлөт: 23-июнда күндүз кээ бир райондордо, 24-25-июнда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт. 24-25-июнда абанын күндүзгү температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КРнын ӨКМнин 2017-жылдын 21-июнь күнү №02-34/434-Т телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КРнын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жеткирилген жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлгөн.

Чоң-Алай районунда жер титирөөдөн турак жайлары жабыркаган жарандарга жеңилдик кылуу максатында цемент жеткирүү үчүн, 21-июнь күнү “Пэрити-Коал” ишканасынын оор жүк ташуучу техникаларынын жардамында 105 тонна цемент Чоң-Алай районуна жеткирилген.

2017-жылдын 16-майынан 21-июнуна чейин жалпы 1952 тонна цемент жеткирилген.

 

КР ӨКМнин Өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде Жарандык коргонуунун Өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча Республиканын аймагында 11 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 11 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

 

2017-жылдын 21-июну саат 08:30дан

2017-жылдын 22-июну саат 08:30га чейин

өрт өчүрүү, куткаруу бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар №

 

Бөлүм №

 

Өрттүн №

.

 

                           Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн  себеби

берил-ген

ствол

ГТКК

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

 

 

1

           2

3

  4

 5

  6

  7

  8

  9

10

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Чуй облусу

 

1

28-АӨКБ

1

22-08

22-18

22-25

22-42

23-20

101

Аламүдүн районунун “Браво” шаарчасынын  айымагында 1Га куураган чөп күйгөн. 

колкаражат

2

3-АӨКБ

1

12-03

12-13

12-18

12-25

13-21

101

Аламүдүн району ГЭС-3 айылы, Суворов-Адилет көчөлөрүнүн кесилишиндеги ачык аянтта 45 чарчы метр  куураган чөп күйгөн.

1стБ

3

22-АӨКБ

1

11-07

11-16

11-17

11-25

11-46

101

Жайыл районуннун Бишкек-Ош жолу(75 чак.). “Кыргыз мунай ” май куйуучу станциясынын аймагында 20 чарчы метр  куураган чөп жана  таштанды  күйгөн.

1стБ

4

21-АӨКБ

1

11-34

12-38

12-42

12-53

13-10

101

Токмок шаары. Т. Молдо көчөсүндөгү ачык аянтта 22 чарчы метр куураган чөп күйгөн.

1стБ

5

24-АӨКБ

1

19-38

19-45

19-55

20-25

20-47

101

Токмок шаарынын  Пром зона аймагында жайгашкан мунайбазанын жанында 5 Га куураган чөп жана бадалдар күйгөн.

1стБ

6

1-ӨКБ

1

21-38

22-00

22-30

22-45

23-00

101

Аламүдүн районунун Ленинское айылындагы  жолдун жээгинде 45 чарчы метр куураган чөп күйгөн. 

1ств Б

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жалал-Абад облусу

 

7

78-ӨККБ

1

08-10

08-25

      -

Жеткенге чейин

09-15

101

Базар-Коргон районунун Асман айыл өкмөтүнүн Жараке айылындагы Датка подстанциянын жанында, аянты 15 чарчы метр куураган чөп күйгөн.

------

8

78-ӨККБ

1

11-14

11-27

11-37

11-55

12-20

101

Базар-Коргон районуна караштуу  Кеңеш айыл өкмөтүнүн  Шыдыр айылындагы Ырыс көчөсү. Жыгач устундуу темир калай жабылган аянты 40 чарчы метр бастырмасы жана 0,5 тонна отун толугу менен күйгөн.

1стБ

9

58-ӨККБ

1

15-08

15-10

15-15

15-40

15-55

101

Жалал-Абад шаарынын Олимпийский көчөсүнүн №21 үйдүн короосунда 300 чарчы метр куураган чөп күйгөн.

1стБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Баткен облусу

 

10

52-ӨКБ

1

09-13

09-18

09-35

09-45

09-50

101

Сүлүктү шаарынын   Мамбетов көчөсүнүн № 1 үйдүн жанында аянты 100 чарчы метр  куураган чөп күйгөн.

1ст.Б

11

75-ӨКБ

1

15-41

16-05

16-35

17-30

18-10

101

Кадамжай районуна караштуу Майдан айыл өкмөтүнүн Кара-Дөбө айылындагы Ат-Чабар тааласында 100 түп шабдалы бак жана 1 Га куураган чөп күйгөн.

1стБ

2017-жылдын 22-июну саат 08:00гө карата Республиканын аймагындагы  КР ӨКМнин Куткаруу кызматы боюнча күндөлүк ыкчам маалымат     

Куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу болду:   

 

Бишкек шаары

Октябрь районунун Кара-Жыгач жаңы конушундагы Ысык-Көл көчөсү менен Кожомкул көчөсүнүн кесилишинде чыгынды суу алып өтүүчү чуңкурда 1 эркек адамды  (аты жөнү белгисиз) топурак басып калган. Куткаруучулар  окуя болгон жерге барышып, каза болгон адамдын жансыз денесин чыгарышып, милиция кызматкерлерине тапшырып беришкен.

 

Ленин районунун Киев көчөсүнүн 250-үйүнүн №48-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Жалал-Абад облусу

Чаткал районунун Чаткал айыл аймагында  2017-жылдын 19-июнь күнү саат 01:30 чамасында Ауди-100 үлгүсүндөгү унаа Терс дарыясына түшүп кеткен. Унаанын ичинде 4 адам болгон (2 адам суудан чыгып, 2 аял агып кеткен). Ошол эле күнү Кара-Булак участкасында Чаткал дарыясынан агып кеткен бир аялдын сөөгү табылган. 21-июнь күнү экинчи аялдын сөөгүн издөө иштери жүргүзүлүп, табылган эмес.  Куткаруучулар  туугандарынан ыраазычылык кат алышкан. 22-июнь күнү туруктуу ордуларына кайтышат.

 

Жалал-Абад  шаарынын “Спутник” кичи районундагы Жеңижок көчөсүнүн №44-үйүнүн тургуну 1993-жылы туулган К. Э. аттуу жаранды ашкана бөлмөсүндөгү муздаткыч басып калган. Куткаруучулар жаранды чыгарышып тез жардам кызматкерлерине тапшырып беришкен.

 

Баткен облусу

Кызыл-Кыя шаарынын Рыскулов көчөсүнүн  № 18-үйүнүн тургуну 1956- жылы туулган  Т.Л.Н. (аял киши) өзүнүн үйүндѳгү ажатканага түшүп кетип, каза болгон. Куткаруучулар  окуя болгон жерден маркумдун жансыз денесин алып чыгышып, милиция кызматкерлерине тапшырып беришкен.

 

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Июль 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            

Баннерлер

  • Центр Общественных Технологий
  • Баннер Минюст
  • В рамках Программы Правительства
  • Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия
  • КР Маданият, маалымат жана туризм министирлиги алдындагы Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын расмий туристтик маалымат сайты

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы